Ынтымак айыл аймагы жөнүндө жалпы маалымат

Ынтымак айыл аймагы– Чуй облусунун, Жайыл районунда жайгашкан. Айыл өкмөттүн курамына беш айыл кирет: Полтавка, Петропавловка, Орто-Суу, Малтабар, Кызыл-Дыйкан.

География жана климаты

Ынтымак айыл аймагы түндүк Кыргызстанда, Чүй өрөөнүндө жайгашкан. Аймактын климаты континенталдык болуп, жаз жана күз мезгилдери жумшак, жайы ысык, кышы салыштырмалуу суук өтөт. Жайында орточо температура +30°C, ал эми кышында -5°C чейин түшөт. Жылдык жаан-чачындын көлөмү орто эсеп менен 400-500 мм түзөт, жаан-чачын негизинен жаз жана күз мезгилдеринде жаайт.

Айыл чарба

Ынтымак айыл аймагында айыл чарбасы өнүккөн. Жалпы жер аянты – 34166 гектар. Анын ичинен 11966 гектары – айдоо жер.

  • Өстүрүлгөн өсүмдүктөр: дан өсүмдүктөрү, жүгөрү, сафлор, дарбыз, кулпунай.
  • Жемиш бактары үчүн жерлер бар.
  • 1500 дыйкан чарбасы, 6 айыл чарба кооперативи, 3 үрөн чарба бар.
  • Мындан тышкары, 2 кампасы жана 2 кайра иштетүүчү цехи бар.

Калк жана социалдык инфраструктура

Айыл аймагынын калкынын жалпы саны – 10476 адам.

  • Кыргыздар: 9355
  • Орустар: 830
  • Украиндер: 200
  • Казактар: 36
  • Өзбектер: 24
  • Курддар: 25
  • Татарлар: 6

Аймакта 5 мектеп, 2 мамлекеттик жана 1 жеке менчик бала бакча, 2 ҮДТ, 3 ФАП, 5 клуб, 5 китепкана, 4 кичи футбол талаасы бар. Айыл аймакта 2 сейил бак бар, Кызыл-Дыйкан айылында “Үркүн” паркы жана Петропавловка айылында “Жеңиштин 60 жылдыгы” паркы бар. Ошондой эле 1 музей, эс алуу зонасы Ак-Сууй капчыгайында бар, 1 ресторан, 1 кафе, 1 чач тарач, 1 вулканизация пункту, 1 май алмаштыруу пункту, 3 май куючу станция, 2 стоматология, 2 дарыкана, 12 дүкөн, 4 почта бөлүмү, 8 тигүүчү цех, жана 2 газ куюучу жай бар. 

Транспорт жана байланыш

  • Интернет провайдерлери: SaimaTelekom, Homelain, Airline, Кыргыз Телеком (зымдуу). Нуртелеком, Мегаком, Билайн (зымсыз).
  • Транспорт: Жайыл району боюнча кызмат көрсөтүүчү такси жана маршруттук таксилер бар. Жолдордун узундугу жалпы 101,4 км. анын ичинен республикалык маанидеги жолдор 21,5 чакырым, ички жолдор 79,9 чакырым. 

Маданият жана салттар

Ынтымак айыл аймагында элдик салттар жана каада-салттар терең урматталып, муундан муунга өтүп келет. Айыл тургундары ар кандай майрамдарды, салтанаттарды жана улуттук оюндарды өткөрүүдө активдүү катышат. Бул иш-чаралар айылдын коомдук турмушун активдүү жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.

Ынтымак айыл аймагы табиятты сүйгөндөр, айыл чарба менен алектенгендер жана тынч жашоону каалагандар үчүн жагымдуу жер.

Ынтымак айыл өкмөтү боюнча визуалдык саякат

Ынтымак айыл өкмөтүнүн кооздугуна күбө болуңуз

Skip to content