Жетекчилик

D0bff79b 17a9 4c65 ad9a 22bdcf9cdf4d

Астаров Данияр Бектурович

Айыл өкмөт башчы

Билими:
Жогорку билимдүү. 2002-жылы Москва эл аралык бизнес жана маалымат технологиялары университетинин Кыргыз филиалын «Математикалык ыкмалар жана экономикадагы операцияларды изилдөө» адистиги боюнча аяктаган.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүрүп, «Менеджмент» багыты боюнча магистр академиялык даражасына ээ болгон.

Эмгек тажрыйбасы:

2004-жылдын 1-февралынан 1-апрелине чейин Предтеченка айыл өкмөтүндө мобилизация жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча адис болуп иштеген.

2004-жылдын 1-апрелинен 2007-жылдын 1-июлуна чейин Предтеченка айыл өкмөтүндө салык боюнча инспектор кызматын аркалаган.

2007-жылдын 25-июнунан 2009-жылдын 28-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинде Чүй облусунун Москва районундагы жамааттарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча эксперт болуп иштеген.

2009-жылдын 13-мартынан 2012-жылдын 31-декабрына чейин жеке ишкер катары АРИС–ЭПРО долбоорунун алкагында Москва району боюнча иш жүргүзгөн.

2014-жылдын 2-майынан 11-июлуна чейин Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткарган.

2014-жылдын 22-июлунан 31-июлуна чейин Петровка айыл өкмөтүндө аскердик эсепке алуу боюнча инспектор болуп иштеген.

2014-жылдын 31-июлунан 26-декабрына чейин Петровка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткарган.

2014-жылдын 26-декабрынан 2021-жылдын 12-июлуна чейин Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалаган.

2025-жылдын 6-октябрынан тартып Жайыл районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келет.

Орун басар

Мамбетов Чынгыз Бердибекович

Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Билими: Жогорку. 2000-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясын «Менеджмент» адистиги боюнча аяктаган. Квалификациясы — бакалавр.

Эмгек тажрыйбасы:
  • 05.02.2002–01.09.2002 — Полтавка айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүндө экономист-статист;
  • 01.09.2002–30.12.2003 — Полтавка айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүндө улук салык инспектору;
  • 04.01.2004–15.07.2004 — Полтавка айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы;
  • 15.07.2004–01.06.2012 — Полтавка айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүндө улук салык инспектору;
  • 01.06.2012–29.03.2024 — Полтавка айыл өкмөтүндө турак жай-коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис;
  • 29.03.2024–03.06.2024 — Ынтымак айыл өкмөтүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жетектөөчү адис;
  • 03.06.2024–11.08.2025 — Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы;
  • 08.08.2025–06.10.2025 — Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 06.10.2025-жылдан азыркы убакка чейин — Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
Жоопту катчы

Жылдызбек кызы Мериза

Ынтымак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.

Билими: Жогорку. 2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкаруу жана бизнес институтун «Сапатты башкаруу» адистиги боюнча аяктаган. Квалификациясы — инженер-менеджер.

Эмгек тажрыйбасы:
  • 24.06.2013–20.08.2021 — Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун аз көлөмдөр лабораториясында жетектөөчү инженер;
  • 20.08.2021–01.02.2022 — Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунда жетектөөчү инженер;
  • 01.02.2022–28.10.2022 — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунда жетектөөчү инженер;
  • 01.09.2022–15.06.2023 — Полтавка айыл өкмөтүндө социалдык коргоо боюнча адис;
  • 15.06.2023–29.03.2024 — Полтавка айыл өкмөтүндө социалдык өнүктүрүү боюнча адис;
  • 29.03.2024–01.04.2025 — Ынтымак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүндө социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис;
  • 01.04.2025–01.12.2025 — Ынтымак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы;
  • 01.12.2025-жылдан азыркы убакка чейин — Ынтымак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.