Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Астаров Ынтымак айыл аймагында эмгектенип жаткан саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө айыл аймагындагы калктын саламаттыгын сактоого кошкон зор салымы, ак ниет жана жоопкерчиликтүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү үчүн бир катар медицина кызматкерлерине Ыраазычылык каттар жана сыйлыктар тапшырылды.
Д. Астаров өз сөзүндө дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын күн сайын адамдардын өмүрүн сактоо жана ден соолугун чыңдоо багытында аткарып жаткан эмгеги чоң урматка татыктуу экенин айтты.
Ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан саламаттыкты сактоо тармагын колдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер мындан ары да улантыла тургандыгы белгиленди.


