Ынтымак айыл аймагында балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейд жүргүзүлдү

Снимок экрана 2026 07 09

Ынтымак айыл аймагында жайкы эс алуу мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында профилактикалык рейд өткөрүлдү.

Рейд Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, ИДН жана ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жашы жете электердин өмүрүн жана ден соолугун коргоо, сууга түшүү мезгилинде кооптуу жагдайлардын алдын алуу болуп саналат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дарыялар, каналдар, суу сактагычтар жана балдар сууга түшүшү мүмкүн болгон башка жайлар каралды. Ошондой эле суу объектилерине жакын жайгашкан эс алуу жайларынын ээлери жана жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча маалыматтар берилди.

Ынтымак айыл өкмөтү ата-энелерди балдарына өзгөчө көңүл бурууга, алардын жүргөн жерлерин көзөмөлдөөгө жана үй шартында коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Дарыяларда, каналдарда жана атайын жабдылбаган суу объектилеринде сүзүү кооптуу жана тыюу салынарын балдарга дайыма эскертип туруу зарыл.