Ынтымак айыл аймагында “Нарктуу келин” конкурсу өткөрүлөт

Images (1)

Урматтуу Ынтымак айыл аймагынын тургундары!

Ынтымак айыл аймагында “Нарктуу келин” конкурсу өткөрүлөт.

Конкурстун негизги максаты — үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды бекемдөө, улуттук каада-салттарды даңазалоо, ошондой эле үлгүлүү, эмгекчил жана өнөрлүү келиндерди коомчулукка таанытуу болуп саналат.

Конкурска Ынтымак айыл аймагынын ар бир айылынан катышуучулар чакырылат.

Катышуучуларды каттоо: 9-декабрдан 12-декабрга чейин
Конкурс өтүүчү күн: 16-декабрь
Убактысы: саат 10:00
Өткөрүлүүчү жери: Полтавка айылынын Маданият үйү

Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Бардык каалоочуларды активдүү катышууга жана катышуучуларга колдоо көрсөтүүгө чакырабыз!