Бүгүн Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Астаров Данияр Бектурович Петропавловка айылында курулуп жаткан 500 орундуу жаңы заманбап тойкананын курулуш иштери менен жеринде таанышты.
Бул долбоор айыл аймагындагы жеке инвестициянын негизинде ишке ашырылып, жергиликтүү инфратүзүмдү жакшыртууга жана ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоордун негизги артыкчылыктарынын бири — жаңы жумуш орундарын түзүү. Ишкер Ибраимов Баян Сейдалыевичтин айтымында, тойкана толук ишке киргенден кийин жергиликтүү 70 тургун туруктуу жумуш менен камсыз болот.
Мындай демилгелер айыл аймагында ишкерликти өнүктүрүүгө, калктын киреше булагын көбөйтүүгө жана социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт.
Ынтымак айыл өкмөтү инвестиция тартуу, ишкерлерди колдоо жана айыл аймагынын инфратүзүмүн өнүктүрүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.