Урматтуу Ынтымак айылынын тургундары!
“Полтавка” муниципалдык ишканасы күйүүчү-майлоочу материалдардын жана электр энергиясынын баасынын жогорулашына байланыштуу 2026-жылдын 1-мартынан тартып айрым кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери өзгөрөрүн маалымдайт.
Тарифтер төмөнкү кызматтар боюнча өзгөрөт:
Ичүүчү таза суу
Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу
Ошол эле учурда Ынтымак айылынын тургундары үчүн атайын мүмкүнчүлүк каралган.
Эгерде 2026-жыл үчүн төлөмдөр 2026-жылдын 1-мартына чейин алдын ала төлөнсө:
төлөм эски тариф менен кабыл алынат;
жыл ичинде кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.
Алдын ала төлөп, каражатыңызды үнөмдөңүздөр!
МИ “Полтавка”
Сиздер үчүн кызмат кылууда!