“Полтавка” муниципалдык ишканасы кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери өзгөрөрүн маалымдайт

Снимок экрана 2026 07 09

Урматтуу Ынтымак айылынын тургундары!

“Полтавка” муниципалдык ишканасы күйүүчү-майлоочу материалдардын жана электр энергиясынын баасынын жогорулашына байланыштуу 2026-жылдын 1-мартынан тартып айрым кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери өзгөрөрүн маалымдайт.

Тарифтер төмөнкү кызматтар боюнча өзгөрөт:

Ичүүчү таза суу
Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу

Ошол эле учурда Ынтымак айылынын тургундары үчүн атайын мүмкүнчүлүк каралган.

Эгерде 2026-жыл үчүн төлөмдөр 2026-жылдын 1-мартына чейин алдын ала төлөнсө:

төлөм эски тариф менен кабыл алынат;
жыл ичинде кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.

Алдын ала төлөп, каражатыңызды үнөмдөңүздөр!

МИ “Полтавка”
Сиздер үчүн кызмат кылууда!