Урматтуу Ынтымак айыл аймагынын тургундары!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтин жана Ынтымак айыл өкмөт башчысынын эл менен жолугушуусуна чакырабыз.
Өткөрүлүүчү жери: Полтавка айылы, Маданият үйү
Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 29-майы
Убактысы: саат 10:00
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл аймагын өнүктүрүү, инфраструктуралык маселелер, коомдук коопсуздук, жергиликтүү маанидеги көйгөйлөр жана тургундар менен ачык диалог жүргүзүү маселелери талкууланат.
Бардык тургундарды жолугушууга активдүү катышып, сунуш-пикирлерин билдирүүгө чакырабыз!