Урматтуу Ынтымак айыл аймагынын тургундары!
Жолугушуулардын графигине өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтин жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын эл менен жолугушуусу 2026-жылдын 1-июнуна жылдырылгандыгын маалымдайбыз.
Өткөрүлүү күнү: 2026-жылдын 1-июну
Убактысы: саат 10:00
Өткөрүлүү жери: Полтавка айылынын Маданият үйү
Жолугушууда айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү маселелер жана тургундардын сунуш-пикирлери каралат.
Бардык тургундарды жолугушууга активдүү катышууга чакырабыз.