Ынтымак айыл аймагында “Социалдык контракт” программасынын алкагында 7 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү.
Ар бир үй-бүлөгө 150 000 сом өлчөмүндө колдоо каражаты берилди. Бул жардам үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга, туруктуу киреше булагын түзүүгө жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган.
Программанын негизги максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз алдынча иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, алардын социалдык абалын жакшыртуу жана үй-бүлөлүк кирешесин көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Ынтымак айыл өкмөтү тарабынан социалдык жактан муктаж болгон жарандарды колдоо жана алардын жашоо деңгээлин жогорулатуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.


