Бүгүн Ынтымак айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу маселеси каралган жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешмеге Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Астаров, социалдык маселелер боюнча башкы адис, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаты жана аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы №358 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 8-июнундагы №110-т тескемесин аткаруу максатында бекитилген иш-чаралар планы талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана бекитилген планды өз убагында аткаруу боюнча жооптуу кызматкерлерге конкреттүү тапшырмалар берилди.



