Ак-Суу капчыгайында кичи ГЭС курулууда

ChatGPT Image 9 июл. 2026 г., 21 50

Бүгүн Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Астаров Ак-Суу капчыгайында “Ак-Суу Энерго Ресурс” ЖЧК тарабынан курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыкты.

Иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапаты, аткаруу мөөнөттөрү жана техникалык талаптардын сакталышы боюнча маалыматтар каралды. Ошондой эле объекттин учурдагы абалы жана курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу бүткөрүү маселелери талкууланды.

Кичи ГЭСтин курулушу айыл аймагында энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат.

Ынтымак айыл өкмөтү инвестициялык долбоорлорду колдоо жана айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.