Эл менен жолугушуунун күнү өзгөртүлдү

Урматтуу Ынтымак айыл аймагынын тургундары! Жолугушуулардын графигине өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогоновичтин жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын эл менен жолугушуусу 2026-жылдын 1-июнуна жылдырылгандыгын маалымдайбыз. Өткөрүлүү күнү: 2026-жылдын 1-июнуУбактысы: саат 10:00Өткөрүлүү жери: Полтавка айылынын Маданият үйү Жолугушууда айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү маселелер жана тургундардын сунуш-пикирлери каралат. […]
Ынтымак айыл аймагында “Нарктуу келин” конкурсу өткөрүлөт

Урматтуу Ынтымак айыл аймагынын тургундары! Ынтымак айыл аймагында “Нарктуу келин” конкурсу өткөрүлөт. Конкурстун негизги максаты — үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды бекемдөө, улуттук каада-салттарды даңазалоо, ошондой эле үлгүлүү, эмгекчил жана өнөрлүү келиндерди коомчулукка таанытуу болуп саналат. Конкурска Ынтымак айыл аймагынын ар бир айылынан катышуучулар чакырылат. Катышуучуларды каттоо: 9-декабрдан 12-декабрга чейинКонкурс өтүүчү күн: 16-декабрьУбактысы: саат 10:00Өткөрүлүүчү жери: […]