Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Астаров Ынтымак айыл аймагында эмгектенип жаткан саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл аймагындагы калктын саламаттыгын сактоого кошкон зор салымы, ак ниет жана жоопкерчиликтүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү үчүн бир катар медицина кызматкерлерине Ыраазычылык каттар жана сыйлыктар тапшырылды. Д. Астаров өз сөзүндө дарыгерлердин жана […]
Ынтымак айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү

Бүгүн Ынтымак айыл өкмөтүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу маселеси каралган жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Астаров, социалдык маселелер боюнча башкы адис, айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаты жана аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын […]
Ынтымак айыл аймагында балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейд жүргүзүлдү

Ынтымак айыл аймагында жайкы эс алуу мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында профилактикалык рейд өткөрүлдү. Рейд Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, ИДН жана ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жашы жете электердин өмүрүн жана ден соолугун коргоо, сууга түшүү мезгилинде кооптуу жагдайлардын алдын алуу болуп саналат. Текшерүүнүн жүрүшүндө […]
Ынтымак айыл аймагында 7 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү

Ынтымак айыл аймагында “Социалдык контракт” программасынын алкагында 7 аз камсыз болгон үй-бүлөгө социалдык жардам көрсөтүлдү. Ар бир үй-бүлөгө 150 000 сом өлчөмүндө колдоо каражаты берилди. Бул жардам үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга, туруктуу киреше булагын түзүүгө жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Программанын негизги максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өз алдынча иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, алардын […]